
Жаңы өнөктөштөрдү издөө: Варшавадагы конференцияда адам укуктары чөйрөсүндөгү эски механизмдердин кризиси талкууланды
Адам өлчөмү боюнча эл аралык конференцияда казакстандык укук коргоочулар өзүнчө сайд-ивент өткөрүп, анда эл аралык уюмдар жана каржы институттары менен кызматташуу маселесин көтөрүшүп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында адам укуктарын жана жарандык коомду илгерилетүү жолдорун талкуулашты.
9-октябрда Варшава шаарында Финляндиянын ЕККУдагы (ОБСЕ) төрагалыгы жана Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун (ODIHR) колдоосу менен өткөн жыл сайынкы Адам өлчөмү боюнча конференциянын алкагында «Ачыктыкты жана коопсуздукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдар аркылуу адам укуктарын жана жарандык коомду илгерилетүү» аттуу өзүнчө сессия өттү. Сайд-ивенттин уюштуруучулары – Казакстандагы Адам укуктары боюнча эл аралык бюро жана Борбор Азиянын Туруктуу өнүгүү боюнча ЖӨБ (ҮЕУ) жумушчу тобу болду. Иш-чараны Бюронун башкы эксперт-кеңешчиси Евгений Жовтис жүргүздү.
Жыйындын ачылышында казакстандык укук коргоочу быйыл 1-августта белгиленген маанилүү дата – 50 жыл мурун, 1975-жылдын дал ушул күнү Хельсинкиде өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңеште кабыл алынган белгилүү Хельсинки актысын эске салды. Документ үч «корзинадан» турган: биринчиси – эл аралык коопсуздук, экинчиси – экономикалык кызматташтык, ал эми үчүнчүсү – адам укуктары жана жарандык эркиндиктер.
– Ушул үч корзинанын ичинен эң маанилүүсү – үчүнчүсү, себеби укуктун үстөмдүгү жана мамлекеттердин адам укуктарын сактоосу жок болсо, дүйнөлүк коопсуздук да, экономикалык өнүгүү да, мамлекеттер аралык кызматташтык да мүмкүн эмес, – деди Евгений Жовтис.
Бүгүнкү кырдаалга кайрылган Жовтис БУУ, ПАСЕ жана ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар укуктун үстөмдүгү алсырап, антидемократиялык тенденциялар күч алган өлкөлөргө таасир этүүдө олуттуу натыйжасыздык кризисин баштан кечирип жатканын белгиледи. Казакстандык укук коргоочулардын айтымында, жарандык коом уюмдарынын адам укуктарын коргоо жаатындагы адвокациялык ишмердиги барған сайын натыйжасыз болуп, үмүттү актарбаган абалга келип калды.
– Ошол эле учурда адам укуктары, жарандык активдүүлүк үчүн мейкиндикти сактоо жана жарандык коомду өнүктүрүү маселелери акыркы жылдары өнүктүрүү банктарынын жана өнүгүү, ачыктык, коопсуздукту камсыздоого багытталган уюмдардын документтеринде барган сайын көп чагылдырылууда. Ушуга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандык коом уюмдары жана ачык коомду колдоо фонддорундагы өнөктөштөрүбүз менен биргеликте адам укуктарын жана жарандык коомду илгерилетүүнү башкы максат кылган Туруктуу өнүгүү боюнча жумушчу группаны түздүк, – деп баса белгиледи Евгений Жовтис.
Ал ошондой эле Жумушчу топтун мүчөлөрү Дүйнөлүк банк, Европа кайра куруу жана өнүгүү банкы, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкына байланыштуу документтерге талдоо жүргүзүп, анда аймактагы адам укуктарынын абалы жана Казакстан менен Кыргызстан өкмөттөрү алган милдеттенмелер кантип чагылдырылганын изилдешкенин айтты.
– Бул демилге өлкөлөрүбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө кызмат кылат деген чоң үмүтүбүз бар, – деп жыйынтыктады укук коргоочу.
Адам укуктары бюросунун директору Денис Дживага Борбор Азия укук коргоочулары менен эл аралык каржы институттарынын ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын пикиринде, акыркы жылдардагы саясий кырдаал адам укуктарынын чыныгы абалынын жакшырарына көп үмүт калтырбайт, бирок бул темадагы диалог жалпы алганда мүмкүн жана зарыл. Ошондой эле кырдаалды жакшыртууга салым кошо турган конструктивдүү чечимдерди лоббилөөгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү да колдонуу маанилүү.

